Бишкектин транспорттук тутуму кандай өзгөрөт. Башкы план

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорунда транспорттук тутумду өнүктүрүү маселеси камтылган.
Ага ылайык, Кайыңдыдан Токмокко чейин 175 чакырым узундуктагы темир жол куруу пландалууда. Ал борбор калаанын түндүгүнөн калктуу конуштарды айланып өтөт. Бул Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун эске алуу менен салынат. Темир жолдун негизги линиясынан "Манас" аэропортуна чейин өзүнчө кеткен жол болот. Ал станциясы менен салынып, 11,2 чакырымга созулат. "Манас" аэропортунда жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымын көбөйтүү үчүн кошумча учуу-конуу тилкеси курулат.
Шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн Бишкекти айланып өткөн 89 чакырым жол курулат. Ошондой эле борбордун чыгышы менен батышын байланыштырган темир жол транспорту пайда болот. Ал Кожомкул — Новопокровка айылдарынын ортосуна түшөт.
Калаанын түштүгү менен борборун, түштүк-чыгышы менен түштүк-батышын, түндүк-чыгышы менен түндүк-батышын байланыштырган трамвай каттамы да каралууда. Анын жалпы узундугу 45,1 чакырым болсо, биринчи этапта 30 чакырымы курулат.
Мындан тышкары, 93,4 чакырым аралыкка созулган метробус киргизүү каралууда. Ал элди түндүктөн түштүккө, түндүктөн борборго чейин ташыйт. Автобустар жана электробустар жүрө турган шаардагы жолдордун жалпы узундугу 685,4 чакырым болот. Ошондой эле 152 чакырым бою үзгүлтүксүз кеткен велосипед жолу курулат.
Бишкекке трамвай киргизилсе кайсы жол менен жүрөрү божомолдонду