Бишкектин башкы планы кабыл алынса төрт райондун өз-өзүнчө борбору болот

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин башкы планы кабыл алынса шаардагы төрт райондун өз-өзүнчө борбору болорун Бишкек башкы архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азирет Азимов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул калаанын борбордук бөлүгүн гана эмес, четин дагы өнүктүрүүгө багытталган.
"Планда Ленин районунун борбору катары азыр курулуп жаткан "Азаттык арена" стадиону тарап каралган. Биринчи май районунун борбору — жаңы курулуп жаткан "Ош" базары, вокзал, аэропортко бараткан жолдун эки тарабы, Октябрь районунун борбору Туңгучка бараткан Ахунбаев көчөсүнө чейинки жерлер каралган. Ал эми Свердлов районунун борбору Тоголок Молдо — Щербаков көчөлөрүндөгү жер болот", — деди Азимов.
Өткөн жумада Бишкек шаарынын 2 миллион кишиге ылайыкталган башкы планы даяр болуп, коомдук талкууга илинген. Калаанын 2050-жылга чейин өнүгүүсүн камтыган негизги документинде жолдор, жашылдандыруу, курулуш жана башка иштер көрсөтүлөт. Ал эми коомдук угуулар 24-25-декабрга белгиленди.
Вице-мэр: Бишкектин кайсы аймактары реновация болору инвесторго байланыштуу