Өлкө 15 миң электромобиль импорттоо үчүн бажы төлөмүсүз квота алууну көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстан кийинки жылы 15 миң электромобиль импорттоо үчүн бажы төлөмү жок квота алууну көздөп жатат.
Демилге Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) сайтына коомдук талкууга коюлду.
Чечим кабыл алынса электромобилдерди Кыргызстандын жарандары гана колдоно алат.
Эске салсак, Кыргызстандын элекромобиль алып келүүгө 2022-жылдан 2025-жылга чейин квотасы бар болчу. Быйылкы 10 миң унаалык лимит сентябрда эле бүткөн.
ЕАЭБ чек арасында туруп калган жүк ИДПны жайлатат. Маселени чечүү жолу