Садырбек Турдубек уулу: акын болуш үчүн тагдыр керек

Sputnik
Акындык жол татаал жана жүгү оор. Анткени мезгилдин, доордун үнү дал ушул адамдардын калеми жана абазы менен тарых барактарына жазылып калат. Мындай оор жана жоопкерчиликтүү ишти ар бир адам эле аркалай албайт. Бул үчүн адамга кайнаган талант жана эл-жер деп соккон жүрөк керек. Бүгүнкү “Стимул” программасында конокто дал ушул өнөрдү аркалап, таланттын таптап келе жаткан адам Садырбек Турдубек уулу.