Кыргызстанда «Дүйнөлүк үнөмдөө күнү» кампаниясы башталды. Ошко Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди30 жаштагы Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болду30 жаштагы Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Ал парламенттик шайлоого аттанган Гүлшат Асылбаеванын ордуна барган. Нурланова 1995-жылдын 16-сентябрында азыркы Манас шаарында туулган. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Буга чейин президенттик администрацияда жана Экономика министрлигинде иштеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо жана социалдык-экономикалык саясатты жакшыртууга байланышкан стратегиялык демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышып келгени айтылат.
Кыргызстан кийинки жылы 15 миң электромобиль импорттоо үчүн бажы төлөмү жок квота алууну көздөп жатат. Демилге Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтына коомдук талкууга коюлду. Чечим кабыл алынса электромобилдерди Кыргызстандын жарандары гана колдоно алат. Эске салсак, Кыргызстандын элекромобиль алып келүүгө 2022-жылдан 2025-жылга чейин квотасы бар болчу. Быйылкы 10 миң унаалык лимит сентябрда эле бүткөн.
Бишкек мэриясы "Яндекс" такси менен самокаттарды ижарага берген ишкерлерди жол эрежелерин сактоого чакырды. Калаа бийлиги соңку маалда шаардыктар самокат, электроскутер, мопед, "Яндекстин" айдоочуларынын үстүнөн көп арызданып жатканын айтты. "Катуу айдап, тротуар, аялдамаларга чыгып жатышат. Бул жөө жүргөндөргө, балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кооптуулук жаратат", — деп айтылат маалыматта. Мэрия эгер компаниялар талаптарды так аткарбаса, алардын иши токтотуларын эскертти. Мыйзам боюнча, самокаттар 14 жаштан, мопеддер 16 жаштан жогорку адамдарга берилүүгө тийиш. Транспорттун ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпай, тормоз, жарык, үн берүү системалары иштеши керек.
Кыргызстандын түштүк борборуна Россиядан жардам иретинде 121,4 миң тонна өсүмдүк майы келгенин РФтин Оштогу Башкы консулдугу билдирди. Азык-түлүктү тапшыруу салтанатына башкы консулдун милдетин аткарып жаткан Валерий Катункин жана үчүнчү катчы Анастасия Егерева катышкан.Майды БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик муктаж бүлөлөргө таратып берет. Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде ар кандай деңгээлде жардам көрсөтүлүп келген. Эскерте кетсек, август айында Кыргызстандын түштүгүнө 16 вагон байытылган ун жана өсүмдүк майы жеткирилген болчу.
Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк үнөмдөө күнү" аталышындагы кампания старт алды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. Маалыматка караганда, бул ири кампания өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банктын координациясы менен, мамлекеттик органдар, каржы институттары, Депозиттерди коргоо агенттиги жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу алдында өткөрүлүп келет. Кампаниянын негизги максаты — калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, үнөмдөө маданиятын өнүктүрүү жана акчаны туура пайдаланууга үндөө. 27–31-октябрь күндөрү Бишкекте жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ачык сабактар,интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшиктер күндөрү жана ра түрдүү иш-чаралар өтөт.