Күркүрөгөн күз келди, берекеси төгүлүп, дыйкандар-багбандар түшүмүн жыйнап, кылган эмгегинин натыйжасын көрүп жаткан учур. Бирок түшүмдү өстүрүү иши бир тең жана аны жыйнап татыктуу баада сатуу бир тең. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында учурда дыйкандар-багбандардын башкы маселеси болуп жаткан түшүмдү сатуу, тактап айтканда айыл чарба азыктарынын экспорту тууралуу кеп кылабыз.
Биздин суроолорубузга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" борборунун тышкы рынокторду талдоо бөлүмүнүн башчысы Асел Ибраимова жооп берди.