"Балдар үчүн ишеним телефону" 9 айда 53 миңден ашык чалуу кабыл алдыПутин АКШнын Украина боюнча концепциясын кабыл алууга даяр экенин Лавров билдирдиБишкектин башкы планы кабыл алынса төрт райондун өз-өзүнчө борбору болот2025-жылдын тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефонуна" 53 871 чалуу катталган. Ведомстводон маалымдашкандай, бул орто эсеп менен суткасына 1 897, ал эми айына 5 985 чалуу түшкөнүн билдирет. Алардын ичинен 2 095 абонент кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган: алардын 869у – балдар, 1 226сы – чоңдор болгон. Чалуулардын ичинен 1 498ине телефон аркылуу кеп-кеңеш жана сунуштар берилген, 421 абонентке психологдук колдоо көрсөтүлгөн, ал эми 176 кайрылуу мүнөзүнө жараша тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн. Жынысы жана жаш курагы боюнча статистикага ылайык, эркектер – 326 , аялдар – 900, балдар – 245 , кыздар – 624.
Бишкектин башкы планы кабыл алынса шаардагы төрт райондун өз-өзүнчө борбору болорун Бишкек башкы архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азирет Азимов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул калаанын борбордук бөлүгүн гана эмес, четин дагы өнүктүрүүгө багытталган. "Планда Ленин районунун борбору катары азыр курулуп жаткан "Азаттык арена" стадиону тарап каралган. Биринчи май районунун борбору — жаңы курулуп жаткан "Ош" базары, вокзал, аэропортко бараткан жолдун эки тарабы, Октябрь районунун борбору Туңгучка бараткан Ахунбаев көчөсүнө чейинки жерлер каралган. Ал эми Свердлов районунун борбору Тоголок Молдо — Щербаков көчөлөрүндөгү жер болот", — деди Азимов.
Россия президенти Владимир Путин Аляскадагы жолугушууда АКШ сунуштаган концепцияга таянуу менен Украина маселесин жөнгө салуу жаатында иштөөгө даяр. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Венгриянын "Ультраханг" YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Министр Аляска саммитине чейин АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф Москвага Украина боюнча сунуш алып келгенин эске салды. Лавровдун айтымында, сунушту Москва дыкат карап чыккан. "Россия президенти Анкоридждеги жолугушууда Уиткофф алып келген сунуштун ар бир элементин кайталап, сүйлөп жатканда "туурабы, ушундайбы" деп сурап жатты. Баарына так жооп алды. Мындан кийин Путин Россия сунушталган концепцияны кабыл аларын, ушунун негизинде алдыга жылууга даяр экенин билдирди", — деди Лавров. Министр тараптар сунушту талкуулоо үчүн тыныгуу алышканын кошумчалады. Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп аталган концепцияны батыш европалык мамлекеттер менен, ал эми россиялык лидер өзүнүн союздаштары менен талкууга алган.
Түндө Москвага 30 дрон чабуул жасап, баары атып түшүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин Max мессенджериндеги билдирүүсүндө айтылды. Техникалардын кулаган жеринде ыкчам кызматтар иштеп жатат. Украина пилотсуз учактар менен Россиянын жарандык объектилерине күн сайын чабуул жасап келет. Россиянын Абадан коргонуу күчтөрү аларды жок кылып жатат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн чагымчылыгына жооп иретинде россиялык күчтөр абадан, суудан, кургактан, ошондой эле дрон менен Украинанын аскердик объектилерине жана аскердик-өнөр жай комплексине сокку урууда.