БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Малайзияга барганда аны салттуу бий менен тосуп алган жергиликтүү тургундарга кошулду. Бул тууралуу Magno News жазды.
Президентти премьер-министр Анвар Ибрагим тосуп алган. Трамп жергиликтүү тургундар менен кошо бийлеп, аларды кубандырды.
Андан соң Таиланд менен Камбоджанын өкүлдөрү АКШ президентинин катышуусунда чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча декларацияга кол коюшту. Трамп АСЕАН саммитине да катышат.