РФ президенти Путин Россотрудничествонун ишин жогору баалады

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык кызматташтык форумунун катышуучуларына салам жолдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Телеграмманы Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин төрагасы Валерий Фадеев окуп берди.

“Татаал тышкы саясий чөйрөгө карабастан, Россотрудничество көптөгөн өлкөлөрдүн бейөкмөт уюмдары менен конструктивдүү байланыштарды сактап жана өнүктүрүүгө жетишти”, деди Путин.

Анын айтымында, билим берүү жана агартуу тармагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Чет өлкөлөрдө Россиянын имиджин түзүү жана орус тилин кеңири жайылтуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.
“Форумдун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш тарыхын сактоо, салттуу адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо, неонацизм менен неоколониализмдин көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү милдеттери белгиленет”, деди Путин.
Форум элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган. Аны Россотрудничество, Росконгресс фонду, “Знание” коому жана “Россия” улуттук борбору уюштурган.
Кыргызстандык мугалимдер Москвада өтүп жаткан педагогикалык форумга катышууда