Кырсыктан кийин баары өзгөргөн... Кыргызстан сулуусу Майя Турдалиеванын маеги

Майя Турдалиева "Аалам сулуусу" сынагынын катышуучусу, "Кыргызстан сулуусу — 2023" сынагынын жеңүүчүсү.
Sputnik
Бийкеч 16 жашынан баштап модель болууну кыялданган. Бирок ата-энеси ачык каршы чыкпаса да колдошкон эмес. Себеби алар беш тил билип, университетти Кытайдан бүтүп келген кызынын кесиби боюнча иштөөсүн каалашкан.
Күндөрдүн биринде Майя кырсыкка кабылып, операция болуп, жарым жылдай үйдөн чыга албай калат. Дал ошол учурда өзүнө жаккан иш менен алектенүүнү чечип, 2023-жылы "Кыргызстан сулуусу" сынагын жеңип, "Аалам сулуусуна" барат.