Бишкекте түндө мушташкандар кармалды. Милиция коомдук тартипти сактоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин РИИБи коомдук тартипти бузган, коомдук жайларда өзүн агрессивдүү алып жүргөн, массалык мушташка катышкан кыргызстандыктар беш жылга жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экенин эскертти.
Буга мисал кылып, Бишкекте түнкүсүн мушташа кеткен эки жигиттин видеосун жарыялады. Окуя калаадагы соода түйүндөрүнүн биринин алдында болгон.
22 жана 21 жаштагы жигиттерге “Майда бейбаштык” боюнча прокотол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“Мыйзамды сактап, коомдук тартипти сыйлап, башкаларга коопсуздук жаратпоону суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.
Мирлан Таалайбековду (Царикаевди) түндө төрт киши сабап кетти. Видео