БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Евробиримдик өлкөлөрү акылдан тайып, адамдардын жек көрүү сезимин ойготууда. Бул тууралуу РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
“Глобалдык согушту чыгарбоо — элдик дипломатиянын максаты. Европада эмне болуп жатканын карагылачы. Евробиримдик өлкөлөрү акылдан тайды. Алар адамдардын жек көрүү сезимин ойготууда”, — деген Захарова Эл аралык кызматташтык форумунда.
Иш-чара элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган. Аны Россотрудничество, Росконгресс фонду, “Знание” коому жана “Россия” улуттук борбору уюштурду.