Бишкектин башкы планы боюнча коомдук угуулар 24-25-декабрда өтөт. Даректер

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын иштелип чыккан 2050-жылга чейинки башкы планы боюнча коомдук угуулар 24-25-декабрда болот. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Муниципалитеттин расмий сайтында берилген маалыматта коомдук угуулардын так сааты чогулушка бир жума калганда айтылары жазылган.
Бишкектин 2050-жылга башкы планы
Шаардын башкы планы боюнча коомдук угуулар төмөнкү даректер боюнча өтөт:
Чүй проспекти, 168А (Ленин менен Биринчи май райондору);
Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын жыйындар залында;
Үсөнбаев көчөсү, 200/1 (Свердлов району).
Бишкектин башкы планы менен бул жерден таанышсаңыз болот. Документтин аймактар боюнча бөлүнүшү тууралуу бөлүгүн компьютерден караганыңыз оң.
Бишкек шаарынын 2 млн. кишиге ылайыкталган башкы планы даяр болгонун айтышты