БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча так план болгондо гана жолугарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Келишим түзөрүбүзгө көзүбүз жетиши керек. Убактымды текке кетиргим келбейт. Владимир Путин менен мамилем ар дайым жакшы болчу”, — деген Трамп.
Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы, РФ президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев америкалык телеканалдардын бириндеги маегинде Трамп менен Путин жолугарын, бирок жолугушуу кийинчерээк болорун айткан.
Ал Москва Украинадагы жаңжалды эртерээк токтотууга кызыкдар экенин, бирок ал үчүн Россиянын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин белгилеген.
Эскерте кетсек, өткөн жумада АКШ менен Россия президенттери телефондон 2,5 саттай сүйлөшүп, Венгрияда жолугууну чечишкен. Бирок шаршемби күнү Трамп жолугушуу өтпөй турганын, анткени тараптар тийиштүү натыйжага жетпей калышы мүмкүн экенин билдирди. АКШ лидери россиялык кесиптеши менен келечекте жолугууга үмүт артарын, Украина маселесин жөнгө салуу оюнан кайтпай турганын кошумчалаган.