Жамгыр жаайт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 3-ноябрга чейинки республика боюнча күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, аптанын алгачкы күндөрү күн бүркөлүп, тоолуу аймактарга кар түшүп, 29-октябрда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Жуманын экинчи жарымында күн ачык болору айтылды.
Чүй, Талас
Аймактарда 27-28-октябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Республиканын түштүк аймактарында дагы аптанын башы жаан-чачындуу болот. Синоптиктер шаршембиде көпчүлүк жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөрүн айтышты. Аптанын экинчи жарымында күн ачык болот.
Ысык-Көл жана Нарын
29-октябрда бул облустардын да көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 30-октябрдан тарта күн ачылат.
Катуу суук болобу? Ноябрга карата аба ырайы