БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 17…22, Талас облусунда 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көлдө 12...17, Нарын чөлкөмүндө 10…15 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 20…22, Ош шаарында 23…25 градуска жетет.