Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул багытта Кытайдын компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөр менен биргеликте үч ири долбоорду — Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун — ишке ашырып жатканын белгиледи. Минкаб төрагасы сөзүнүн аягында бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилесин дагы бекемдеп, Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишеним артты. Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча Баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда министрлер кабинетинин чечимине, облустагы жана коңшу аймактардагы таштандылардын көлөмүнө жараша, инвестор тарабынан кошумча иштетүү линиялары курулат. Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодо жаңы ыкмаларды колдонуу максатында жогорку технологиялар тармагындагы адистерди кызматка чакырууда. Маалыматка караганда, кызматка инженер-программисттер, системалык аналитиктер, киберкоопсуздук адистери, криптографтар, авиаконструкторлор, киберпсихологдор жана көп тил билген адистер талап кылынат. Кадрларды ишке алууда 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, чет өлкөдө окуган жана эки-үч тил билген адистерге артыкчылык берилери белгиленген.
Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык кызматташтык форумунун катышуучуларына салам жолдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Телеграмманы Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин төрагасы Валерий Фадеев окуп берди. “Татаал тышкы саясий чөйрөгө карабастан, Россотрудничество көптөгөн өлкөлөрдүн бейөкмөт уюмдары менен конструктивдүү байланыштарды сактап жана өнүктүрүүгө жетишти”, — деди Путин. Анын айтымында, билим берүү жана агартуу тармагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Чет өлкөлөрдө Россиянын имиджин түзүү жана орус тилин кеңири жайылтуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Форум элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган. Аны Россотрудничество, Росконгресс фонду, “Знание” коому жана “Россия” улуттук борбору уюштурган.