Чүй: BMW X5 жүк ташуучу унааны сүзүп, айдоочу өзү жана жанындагы аял каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүйдө BMW X5 катуу ылдамдыкта жүк ташуучу автоунааны артынан сүзүп, эки киши каза болду. Бул тууралуу Чүй жол милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, BMW X5 саат 23:56 чамасында Жайыл районунун Сосновка айылынан Ford Mondeo автоунаасын сүзүп, из жашырган. Көп өтпөй 00:20 чамасында Бишкек — Ош жолунда Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автокөлүктү катуу ылдамдыкта келе жатып сүзгөн.
Анын кесепетинен BMW X5 автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусу жана 20-25 жаштардагы жүргүнчүсү (аял) окуя болгон жерден жан берген. Алардын ким экени такталууда.
Ысык-Атада заводдогу цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду