БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Казакстандан товарларды ЕАЭБ белгиси жок киргизүүгө 10-декабрга чейин уруксат берди.
Документке ылайык, Кыргызстан жана Казакстандан кирген товарларга ЕАЭБге таандык экенин тастыктаган белгини чек арадан басууга уруксат берилет. Белгиленген шарттарды сактаганда мындай товарларды киргизүү бажылык милдеттенмелерди бузуу деп эсептелбейт.
Ошондой эле 27-декабрга чейин мындай жол менен кирген товарлар бажылык декларация талаптарына ылайык катталууга тийиш.
Эске салсак, ЕАЭБ товарларды маркалоо долбоорун сыноодон өткөргөн. Ал аркылуу союз өлкөлөрү продукциянын кыймылын, чыгышын жана өзгөчөлүктөрүн көзөмөлдөй алат. Сентябрда Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин система толук масштабда иштей турганын билдирген, ал Минскиде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан бекитилген.