БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын отун тутанткандар тынчтыктан коркушат, анткени тынчтык алардын чыныгы жүзүн ачып берет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы, РФ президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына жазганын РИА Новости агенттиги жазды.
Дмитриев социалдык тармакка жазылган постко пикирин калтырган. Анда Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртонун CNN телеканалына берген маегинде айткандары жазылган. Сийярто Европа өлкөлөрү Владимир Путин Дональд Трамп менен өтө турган жолугушууга келиши үчүн Венгрияга учуп келүүсүн камсыз кылышат деген үмүтүн билдирген. Анын айтымында, эгерде ЕБ мамлекеттери аны аткарбаса, демек, тынчтыктын орношун каалашпайт.
"Бул туура жана жакшы айтылган. Согуш чыгаргандар тынчтыктан коркушат, себеби тынчтык алардын жалганчы, пайда табууну көздөгөн жана бюрократиялык бийликтеги чыныгы жүзүн ачып берет", — деп жазган Дмитриев.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия менен АКШнын саммитин өткөрүүнү Путин Трамптай четке какпай турганын айткан.