Спортчунун айтымында, Сары-Челек көлү тоолордун ортосунда жайгашкандыктан суусу муздак, басымы күчтүү. "Мага дем алуу абдан оор болду, башым бир башкача ооруду" деди Жумабек уулу.
Аталган көлдүн аркы жээгинен берки жээгине чейинки аралык 6,5-7 чакырымды түзүп, сууда сүзүүчү андан 2,5 сааттай убакытта өткөн. Чарчап-чаалыгып, жээкке чыгып эле сулап жыгылам деген Султанды колдоп-коштоп, көп адамдар тосуп алган.
"Ошол учурда чарчаганымды унуттум, бул мага моралдык жактан чоң колдоо болду", – деди спортчу.
Жумабек уулу буга чейин Ысык-Көл, Соң-Көлдөн да сүзүп өткөн. Максаты – Кыргызстандагы бардык көлдөрдү сүзүп өтүү менен аларды дүйнөгө даңазалоо.
Тема боюнча: