БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Контент жаратууда мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин эскертүүсүндө айтылган.
Шаардык милиция коомдук тартипке шек келтирген, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана адам укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана атайын сахналаштырылган видеолор көбөйгөнүн белгиледи.
Тартип сакчылары мыйзамды бузган материалдарды таркатууга жол берилбей турганын эске салып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Шаардык милиция бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти урматтоого, жарандардын укуктарына этият мамиле кылууга жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле сөз эркиндиги мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен бошотпой турганы белгиленди.