БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок тоолуу райондорунда күндүн көзү бузулат. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 20…25, Талас облусунда 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 12…17 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 22…24, Ош шаарында 24…26 градуска чыгат.