Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты президенттин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу жана президенттин администрациясынын 2025-жылдын 10-январындагы протоколдук тапшырмасынын 7-пунктун аткаруу, ошондой эле “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин оптималдаштыруу болуп саналат.− укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документтерди өндүрүштүн катышуучуларына электрондук форматта тапшыруу; − ага карата укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга электрондук документти электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүү менен кошумча билдирүү; − Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү тартибин министрлер кабинети тарабынан аныктоо.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, университеттин окутуучулук курамы жана студенттер катышууда. Алгач университеттин 100 жылдык тарыхын чагылдырган тасмада окуу жайдын калыптануу, өнүгүү жолу көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон. 100 жылдык мааракеде университеттин кылымдык тарыхы, агартуучулар менен илимпоздордун эмгеги, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери жана өлкөнүн коомдук турмушуна кошкон салымы белгиленүүдө.
Кыргызстанда жыл башынан бери блокчейн технологиялары колдонулган 19 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Ал жыйында санариптик технологиялар жана глобалдашуу шартында виртуалдык активдер тармагындагы коопсуздукту камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. Министр санариптик экономика мүмкүнчүлүктөр менен кошо киберкылмыштуулук, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо жана жеке маалыматтардын агып чыгуусу сыяктуу жаңы тобокелдиктерди жаратарын айтты. ИИМ бул багытты улуттук жана коомдук коопсуздуктун негизги системаларынын бири катары карайт жана мыйзамдык жөнгө салууну, техникалык коргоо чараларын, адистерди даярдоону жана эл аралык кызматташтыкты камтыган комплекстүү мамиле керек деп эсептейт. Ал ИИМ кызматкерлери үчүн эл аралык Binance крипто платформасы менен биргеликте криптовалюталар жана киберкоопсуздук боюнча окууларды өткөргөнүн белгиледи