Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева “Кытай-Шанхай кызматташтык уюму” инвестициялык форумуна катышты. ТИМден билдиришкендей, форум Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы тарабынан чет өлкөлөрдөгү ишканалардын Кытай ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин элчилери, ШКУнун байкоочу мамлекеттери, ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү, ошондой эле санариптештирүү, энергетика, айыл чарба, туризм, транспорт, медицина, каржы сектору .тармактарындагы 100дөн ашык кытай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги сегменти болуп “Элчилердин диалогу” болду, анын алкагында элчи Актилек Мусаева Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу комплекстүү маалымат берди. Актилек Мусаева өз сөзүндө Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого карата либералдык мыйзамдык база түзүлгөндүгүн, ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары элчиликтин өкүлдөрү “В2В” форматындагы жолугушууга катышып, Кытай инвесторлоруна өлкөнүн инвестициялык долбоорлору, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири маалымат беришти.
Жаңы жылдан баштап алкоголь кымбаттайт Экономика министрлиги 2029-жылга чейин акциз жыл сайын көтөрүлөрүн маалымдады. Ага ылайык спирт, арак жана башка күчтүү ичимдиктерге 2026-жылы 40 сом, андан кийин жылына 20 сомдон кошулат. Ал эми шарап, шампанга 5 сомдон кошулуп турат. Коньякка 40 сом жана сыранын литрине биринчи жылы 3 сом, андан кийин 5 сомдон кошулат.
Бишкек мэриясы муниципалдык жердеги 1000ден ашуун гараждарды буза баштады. Бул туурасында шаар башчылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Гараж ээлерине жерди беш күн ичинде бошотуу тууралуу эскертме берилген. Азырынча Репин — Космическая көчөлөрүнүн кесилишиндеги 701 гараждын 15и, ал эми Лумумба көчөсүндөгү 422 жайдын 10дон ашыгы алып салынды. Калаа бийлиги бошогон жерлерге бала бакча жана сейил бак ачыла тургандыгын кабарлады. Мэрия гараж ээлерин бул кадамдарды түшүнүү менен кабыл алууга жана кызматташууга чакырат. Бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп, Бишкекти көрктөндүрүүгө жана жашоочулардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган
Россия, АКШ жана Украина дипломатиялык келишимге келүүгө жакындап калды. Мындай пикирин Россиянын президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев CNN телеканалына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Анда Дмитриев Украинадагы жаңжалды аягына чыгарууга аз калганын айткан. Маектеги маанилүү учурлар: Кепке келүү жолдорун издөө дурус жүрүүдө, АКШ түшүнбөстүктөрдөн улам жагдайга башкача карашы мүмкүн; Россия согушка болушунча эртерээк чекит коюуну каалайт, бирок атышууну токтотуу менен эле жаңжал чечилип калбайт; Россия ок атышууну токтотууну эле эмес, жаңжалды биротоло чечүүгө ниет кылат. Атышпоо тууралуу келишим каалаган күнү бузулушу мүмкүн, бул маселени убактылуу гана чече ала турган чара; Президенттер Путин менен Трамптын жолугушуусу баштан-аяк кынтыксыз даярдалгандан соң, кийинчерээк өтөт. Америка лидеринин согушту жөнгө салуу боюнча аракеттери текке кетпейт;