БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тажикстандын "Фахрабад" полигонунда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус боордоштук-2025", "Барьер-2025" жана КМШга кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын "Шериктештик — Антитеррор-2025" машыгуулары жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган иш-чаранын маалымат борбору билдирди.
Машыгууларда аскер бөлүктөр шарттуу түрдө мүчө өлкөлөрдүн аймагында тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүп, мобилдик жана жөө күзөт уюштуруп, көзөмөл-өткөрмө жана качкындарды кабыл алуу бекеттерин бекемдешкен. Мындан тышкары, демилитаризацияланган аймактарда, анын ичинде тоолуу тилкелерде кызмат өтөп, куралдуу топтун кол салуусун кайтаруу, абадан коргонуу, радиоэлектрондук жабдыктар менен учкучсуз аппараттарды жок кылуу боюнча тапшырмаларды аткарышкан.
Ал эми медициналык камсыздоо бөлүктөрү биологиялык коркунуч булактарын жоюу жана коалициялык күчтөрдүн биологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча план иштеп чыгышкан.
"Бөлүктөрдүн өздүк курамы коюлган тапшырмаларды толугу менен аткарып, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүштү. КМШнын терроризмге каршы түзүмдөрү жана ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү коюлган милдеттерди биргелешип аткарып, коркунучтарга каршы тура аларын далилдеди", — деп белгиледи Тажикстандын коргоо министри Эмомали Собирзода.
Машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ЖККУнун Биргелешкен штабы жана катчылыгынын операциялык топтору катышты. Жалпы 1,5 миңге жакын адам, 200дөн ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде алты тик учак жана 20дан ашык учкучсуз учуучу аппараттар тартылган.