Садыр Жапаров Улуттук университетти III даражадагы Манас ордени менен сыйлады

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети III даражадагы Манас ордени менен сыйланды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Сыйлык окуу жайдын өлкөдө билим берүү системасын жана илимди өнүктүрүүгө, ар кыл тармактар үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында университеттин 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өтүүдө.
Талас, Нарын жана Баткендеги ЖОЖдор Улуттук университетке кошулду