Трамп АКШга баңгизат алып келгендерди өлтүрө турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга баңгизат алып келгендер өлтүрүлөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өлкөбүзгө баңгизат алып киргендерди биз жөн эле өлтүрөбүз. Уктуңарбы? Өлтүрөбүз!" — деди ал Ак үйдөгү журналисттерге.
Президенттин айтымында, баңгиликке каршы күрөшүү үчүн АКШ Конгресстен наркокартелдерге согуш жарыялоону бекитип берүүнү суранып отурбайт.
Трамп Си Цзиньпин менен дагы Кытайдан АКШга аткезчилик менен ташылган фентанил көйгөйүн талкуулай турганын белгилеген. Ошондой эле Колумбиядагы баңгизат өндүрүшү чоң көйгөй жаратып келерин кошумчалаган.
"Колумбия – бул баңгизаттын уясы... Алар кокаинди биз эч качан көрбөгөн көлөмдө чыгарып, сатып жатышат. Мындан ары буга жол берилбейт, биз чыдап отурбайбыз", — деди ал.
Америкалык лидер Колумбиянын президенти Густаво Петрону бандит деп атаган.
АКШ Сенаты шатдаунду токтотуу боюнча мыйзам долбоорун 12-ирет четке какты