БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын инвестиция боюнча агенттиги ишкер аялдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл бурат. Бул туурасында аталган ведомствонун жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов Кыргызстан менен Россия биргелешип өткөргөн аялдардын форумунда айтты.
Аткаминер өлкөдө кыз-келиндердин ишкердиги улам өсүп баратканын, алар долбоорлорду иштеп чыгып, аны турмушка ашырып жатканын белгиледи.
"Бизде аялдардын ишкердиги менен экономиканы өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан менен Россиянын алакасын өнүктүрүүгө салым кошкусу келген ишкерлер менен компаниялардын көп экендигине ишенем. Кыз-келиндердин бизнеси жаңы деңгээлге чыгып бара жатканына канааттанып турабыз. Мурдагыдай болуп, соода же текстиль менен чектелип калышкан жок. Бүгүн алардын ишкердиги канат жайып, мүмкүнчүлүктөрү менен кызматташуулары кеңейди", — деди Бикулов.