БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эксперттер Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга кандай жардам бере аларын Sputnik маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" аттуу видеоконференцияда талкуулашты.
МГИМОнун аспиранты Назар Курбанов Россия айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшө аларын белгиледи.
"Аму-Дарыядан алынган суунун көбү айыл чарбасына, биринчи кезекте Өзбекстанга кетет. Эксперттердин баамында, суунун бир топ бөлүгү натыйжасыз пайдаланылып, жабдуулар, анын ичинде насостук станциялар эскирген. Россия айыл чарбасына жаңы жабдууларды жеткирип, акылдуу технологияларды киргизиши мүмкүн. Бул анын суу ресурстарын башкаруу маселелерин чечүүгө умтулган өлкө катары беделин бекемдейт", — деди Курбанов.
"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубатбек Рахимов ШКУнун Россия тажрыйбасына негизделген суу доктринасы аймактагы ишенимди арттыра аларын баса белгиледи.
"Москванын жардамы менен атомдук электр станциялары тармагын куруп, сууга байланыштуу абалды жеңилдетүүгө болот. Атомдук электр станциялары туруктуу жана аба ырайына көз каранды эмес. Ал сууну чоң диаметрдеги каналдар жана түтүктөр аркылуу ташый алат", — деди эксперт.