Пресс-борбор

Борбор Азия өнүгүүнүн эң маанилүү чегине жетти. Эксперт коопсуздук тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбор Азия өнүгүүнүн эң маанилүү чегине жетти. Бул тууралуу "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" деп аталган видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, регион мамлекеттери чек ара маселелерин толук чечип алды.
"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов
"Биз Борбор Азияда аймак боюнча чечиле элек маселелер калбай калган орчундуу чекке жакындадык. Жакын арада регион тынчыбайт деген божомолдорду четке кагып, Кыргызстандын чек арасы биротоло чийилип, демаркацияланат", — деди Рахимов.
Ал чек ара маселелеринин көбү эки тараптуу форматта, суу ресурстары боюнча абалды эске алуу менен жер алмашуу аркылуу да чечилгенин эске салды.
"Фергана саммитин өткөрүп, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери биригип өрөөндө ынтымак менен гүлдөп-өсүүнүн мейкиндигин мыйзамдаштырышты десек болот", — деди эксперт.
Ал кийинки этапта болушу мүмкүн деген жаңжалдарды алдын алуу механизмдери түзүлүп, суу жана энергетика тармагы боюнча кызматташуу күчөй турганын белгилеген.
"Биз үчүн 33 пайызы Өбекстанга, дагы ошончосу Казакстанга, 34 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болгон Камбар-Ата ГЭСинин курулушу абдан маанилүү. Бул долбоордун айланасында кызматташа турган көп багыт бар", — деди Рахимов.
Радио
Жекшенкулов: мамлекеттер алакасын алгач географиялык абалына карап жүргүзөт