БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектин кайсы жерин реновация кылуу көбүнчө инвесторлордун сунушуна байланыштуу болот. Бул туурасында вице-мэр Азамат Кадыров маалымат жыйында айтты.
Ал реновация баш калаанын өнүгүшү үчүн жакшы түрткү боло тургандыгын жана жаңы башкы планда турак жай фондун жаңылоо каралгандыгын белгиледи.
"Реновация маселеси өтө курч турат. Ооба, мэр мурдараак аталган иштер үйлөрдүн ээсисиз жасалбай турганын айткан, бирок келечекте бул шаар үчүн баары бир керек. Мындай учурда башкы планга киргизилген", — деди Кадыров.