Бишкек шаарынын 2 млн. кишиге ылайыкталган башкы планы даяр болгонун айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын даяр болгон башкы планы бүгүн мэриянын сайтына коомдук талкууга илинет. Бул тууралуу борбордун башкы архитектору Медер Кыдырмаев билдирди.
Калаанын 2050-жылга чейин өнүгүүсүн камтыган негизги документинде жолдор, жашылдандыруу, курулуш жана башка иштер көрсөтүлөт.
"Шаардыктардын сунуштарын, пикирлерин эске алып, башкы планды бекитүүгө коебуз. Статистика боюнча, борбор калаадагы калктын саны — 1,3 миллион. Табигый өсүштү ала турган болсок, 2050-жылга чейин бул сан 1,9 миллионго жетет. Кирип-чыккандарды эске алуу менен башкы план эки миллион кишиге ылайыкталып даярдалууда", — деди Кыдырмаев.
Бишкекте кыргызча ката жазылган көчө аталыштары оңдолуп, айрымдары алынууда. Сүрөт