БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Батыш Евразия аймагында аш берип кайра таш менен урган ыкманы колдонууда. Бул тууралуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Сергей Маркедонов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Онлайн иш-чарада "Коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык келечеги" талкууланды.
Маркедоновдун айтымында, АКШ Евразиядагы таасирин колдон чыгаргысы келбейт. Американын кызыкчылыктары же таасири жок чөлкөм өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча стратегиясында коркунуч катары каралат. Ушуга байланыштуу Россиянын кандай гана интеграциялык демилгеси болбосун, ал каршылыкка тушугат.
"Бир жагынан санкциялар менен коштолгон кысым бар. Ага Кыргызстан да, Казакстан да кабылууда. Экинчи жагынан карасак, өзүнүн таасирин арттыргысы келген, чөлкөмдө Россия жалгыз оюнчу эмес экенин көрсөткүсү келген аракетти байкап жатабыз", — деп белгиледи Маркедонов.
Ал ушул жылдын жазында Самаркандда "Евробиримдик – Борбор Азия" саммити өткөнүн эске салды. Анда Евробиримдиктин "жоокерлери" жапырт келип, болочок пландар тууралуу айтып, Россия менен достошуунун келечеги жоктугун көрсөткүлөрү келгени менен чыныгы абал андай эмес. Окумуштуу АКШ дагы "5+1" форматын колдонуп, аймактагы таасирин арттыргысы келип жатканын кошучалады.