БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россияны "террорчулардын демөөрчүсү" деп таануу демилгеси — Москва менен Вашингтондун диалогун жана үй-бүлөлөрдү табыштыруу иштерин жок кылууга жасалган далалат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Аталган мыйзамды демилге кылып көтөрүүнү Россия-АКШ диалогун, анын ичинде үй-бүлөлөрдү табыштыруу иштерин токтотуу катары баалайбыз. Ал бүлөлөр — Украинадагы жаңжалда ар кыл себептерден улам туугандары менен байланышты жоготкондор", — деген дипломат.
Захарова бул ишке АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп да киришкенин кошумчалаган. Ал Россиянын балдар тууралуу объективдүү жана кеңири маалымат берүүгө даяр экенин тастыктаган.
"Биздин оюбузча, америкалык тарап менен түз байланыштын орнотулушу үй-бүлөлөрдүн кайрадан биригишине гана эмес, дүйнөлүк коомчулукка чыныгы жагдай тууралуу маалымат жеткирүүгө да өбөлгө түзөт", — деди Захарова.
Шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Россия террорчулукка демөөрчү деген маанайдагы мыйзам долбоорун киргизген. Бирок демилгечи республикачыл Брайан Фицпатрик мындай күнөөлөөгө колго илинерлик далил келтире алган эмес. Августта дагы бир сенатор Линдси Грэм* да ушул өңүттөгү демилгени көтөрүп чыккан.
Москвадан бул боюнча үн катып, Вашингтондун мындай сунуштарына кескин жооп болорун айтышкан. Тагыраагы, Захарова Россияны жаманатты кылып, террорчулукту каржылаган өлкөлөрдүн катарына кошуу аракети жасала турган болсо, анда АКШ өз ара мамилени унутушу керектигин белгилеген.
* Россиянын террорчу жана экстремисттердин тизмесиндеги киши