Касымалиев: блокчейн — бюрократия менен күрөшүүдө күчтүү курал

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети блокчейнди бюрократия менен күрөшүүдө күчтүү курал катары көрөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышты.
"Биз мамлекеттик кызматтар тез көрсөтүлө турган акысыз, жаңы муундагы системаны түзүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле Кыргызстанды блокчейн стартаптары жана долбоорлору үчүн аймактык, керек болсо эл аралык хабга айландырууну ниет кылуудабыз", — деди ал.
Касымалиев блокчейн менен жасалма интеллектини терең түшүнгөн эксперттердин, иштеп чыгуучулардын, юристтердин жана экономисттердин муунун түзүү зарыл экенин белгиледи. Минкаб жетекчиси жасалма интеллект жана жаңы технологиялар айрым адистиктерди алмаштырат деген тынчсыздануу бар экенин да айтты.
"Бирок адамды жасалма интеллект алмаштыра албайт, адамды технологияны жакшы билген башка адам гана алмаштыра алат", — деди Касымалиев.
Ал кинематография, маданият жана башка тармактагылардын технологиялык көндүмдөрүн жогорулатуу маанилүү экенин кошумчалады.
Ташиев: виртуалдык активдерди өнүктүрүүдө тобокелдиктерди да эске алуу керек