БУУнун Уставы 80 жыл мурда бекитилген. Тарыхый видео

1945-жылдын 24-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунунун (БУУ) Уставы бекитилген. Анын негизинде дүйнөдө тынчтык жана улуттар арасындагы ынтымак сакталышы керек.
Sputnik
Азыркы чалкеш заманда БУУ бул вазийпаны канчалык деңгээлде аткарып жатат деген суроо жаралат.
Бириккен Улуттар Уюмунун мүмкүнчүлүгү жетип турса да бир канча кайгылуу кагылыштарды алдын ала албай койду. Алардын бир катарлары туурасында төмөндө сөз кылабыз:
1999-жылы НАТО БУУнун Уставын бузуп Югославияны бомбалаган. Далай өмүрлөр кыйылган, көп адамдар жарадар болгон. Анын кесепетинен 1 700гө чукул жай жаран көз жумду;
2008-жылы Косово референдум өткөрбөй туруп өзүн бир тараптуу "эгемендүү" деп жарыялап алган.
Бирок... БУУнун аткаминерлери Косово албандарын колдогон. Негизи эгемендигин бир тараптуу эле жарыялап жиберүү эл аралык нормаларга туура келбейт. Ошентип 2010-жылы муну БУУнун соту алар үчүн оң чечип берген.
Бул эл аралык сот Каталониядан Түндүк Кипрге чейинки ондогон "боштондукчуларга" даңгыр жол ачып берген прецедент эле. Бирок "улуттун өзүн аныктап алган укугу" Түштүк Осетияда, Абхазияда, Донбасста жана Херсон менен Запорожье облустарында ишке ашкан жок.
"Эгерде мамлекет катаалдык жана теңсиздик кылса, ошол элдин өзүнчө бөлүнүп мамлекет болгонго укугу бар. Тагыраагы, бөлүнүү улуттун жоготуусун, тарткан зыянынын ордун толтуруп, акташы керек", — деп айтылган документте.