Жаңы жылдан тарта өлкөдөгү коомдук тамактануучу жайларда тейлөө акысы алынбайт. Жаңы талаптарга байланыштуу ресторан-кафелер 2026-жылдын 1-январына чейин менюларын, баа тизмелерин жана кассалык программаларын талапка ылайыкташы керек. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул өзгөрүүлөр жана алардын максаты тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды тузуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков жооп берди.