Борбор калаада «Art Ordo» эл аралык театр фестивалы башталды. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналып, 25-октябрга чейин уланат. Фестивалдын программасында Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын театрлары тартуулаган сегиз спектакль бар. Быйыл байге фонду 2 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Бардык спектаклдерге кирүү акысыз. Фестивалдын жабылыш аземи Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 25-октябрда саат 17:00дө башталат. Биз аталган фестиваль боюнча маек курдук.