Ак илбирс — ак кар баскан тоолорубуздун жаны. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн эл аралык коомчулук алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирсти коргоо күнүн белгилеп жатат. Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы өзгөчө сыймык экенин президент Садыр Жапаров куттуктоосунда айтты.
Өлкө башчы бир жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунда ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциянын кабыл алынышы Кыргызстан үчүн дипломатиялык ийгилик болгонун белгилеген.
"Ак илбирс – ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эркиндик менен чыдамкайлыктын жандуу символу. Бул күндө Кыргызстан тоолорубуздун сакчысын даңазалаган дүйнөлүк акциянын башында турат. Алардын аман калышы биздин экосистемабызга, мурасыбызга жана келечегибизге түздөн-түз байланыштуу", — деп белгилеген президент.
Ал 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убактыбызды жөө басууга, көнүгүү жасоого жана сейилдөөгө арноону сунуштаган.
Кыргызстанда соңку 10 жылда илбирстин саны дээрлик эки эсе көбөйгөн