БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бийлик эми Кыргызстандын ички көйгөйлөрүн чечүүгө өттү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барган иш сапарында билдирди.
"Уюшкан кылмыштуу топтун, чек аранын көйгөйлөрүн чечип алдык. Эми мамлекетти өнүктүрүү процессине түштүк. Акча бөлүш өзүнчө, бөлүнгөн акчаны бирөө коррупциялык жол менен чыгарып кеткен-кетпегени өзүнчө кеп. Мен ушул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам", — деди Ташиев.
Ал коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын белгиледи.
УКМК төрагасы Ак-Талаанын Баетов айылында коомдук-маданий борбору менен "Адилет" паркынын ичине салына турган спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземине дагы катышты.