БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керек. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.
"Кыш келе жатат, быйыл суу аз. Бирок ошого карабастан мамлекеттин эч бир жеринде электр жарыгы өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук жаралбасын. Бул энергетиктерге тапшырма", — деди УКМК төрагасы Нарындагы иш сапарында.
Буга чейин энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов быйыл кышында электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымалдыгын айткан. Андан сырткары кыш абдан оор болорун кошумчалаган.