БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен Будапештте боло турчу жолугушууну жокко чыгарганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Америка башчысы Ак үйдө НАТО баш катчысы Марк Рютте менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тараптар тиешелүү натыйжага жетпей тургандай сезим жаралгандыктан ушундай чечимге келгенин айткан.
"Президент Путин менен боло турган жолугушуудан баш тарттык. Туура эмес чечимдей сезим пайда болду. Керектүү максатка жетпейт сыяктанабыз", — деген Трамп журналисттерге.
Ошол эле учурда РФ президенти менен келечекте жолугушарын, Украина маселесин жөнгө салуу оюнан кайтпаганын кошумчалаган.
Трамптын башка билдирүүлөрү:
Россия "жалпы Украинага" көзөмөл алууну каалап жатат, бирок ага жол бере албайбыз;
"Томагавк" ракеталары кандайча колдонуларын АКШ гана билет, аны эч кимге үйрөтпөйт;
АКШ курал-жаракты Украинага эмес, НАТОго сатууда;
Байдендин тушунда Киевге курал бекер берилип келген, бул ойлонулбай жасалган кадам болгон;
Украина Россиянын тереңине сокку уруу үчүн европалык ракеталарды гана колдонууда;
Россия менен Украина фронттогу азыркы чекти каттап, согуштук аракеттерди токтотушу керек;
Россияга киргизилген жаңы санкциялар көпкө уланбайт деп ишенем;
Украинада тынчтык орнотууга Си Цзиньпин таасир этиши мүмкүн.