Путин Трамптын Венгриядагы саммит боюнча айткандарына комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. —Sputnik. Владимир Путин Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушууну жокко чыгарганы боюнча журналисттерге комментарий берип, ал кезигишүүнү башка күнгө жылдыргысы келген болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Трамп менен соңку сүйлөшүү учурунда Будапештте саммит уюштурууну ал өзү сунуштаганын билдирди. Анын айтымында, иш-чарага даярдыксыз баруу жаңылыштык болмок. Ал Россия ар дайым диалогдун уланышын колдоп келгенин белгиледи.
Путин бейшемби күнү Россия географиялык коомунун курултайы аяктагандан кийин прессага чыккан.
Венгрия: ЕБ Путиндин Будапештке келишине тоскоол болсо, демек, тынчтыкка каршы