Польшада Путин менен Трамптын жолукпай калышынын себеби айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен жолугушууну жокко чыгарууга АКШ лидери Дональд Трампты мамлекеттик катчы Марко Рубио ынандырган. Мындай пикирин польшалык журналист жана Вроцлав университетинин эл аралык мамилелер боюнча адиси Магдалена Гурницкая-Партыка маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биринчи кезекте Марко Рубионун таасирин белгилей кетүү керек. Ал Дональд Трампты коргоодо. Эгер АКШ лидери Будапештте Путин менен жолугуп, бирок максатына жетпей калса, "тынчтык президенти" катары чоң жеңилүүгө дуушар болмок. Бул анын кадырына оңбогондой доо кетирмек. Рубио ушуну ойлоду", — деп түшүндүрдү журналист.
Ал арада мамкатчы Марко Рубио да үн катып, АКШ Россия менен жолугушуу ниетинен биротоло баш тартпай турганын билдирди.
"Биз орустар менен жолугуу оюбуздан кайткан жокпуз", — деген саясатчы.
Эскерте кетсек, өткөн жумада АКШ менен Россия президенттери телефондон 2,5 саттай сүйлөшүп, Венгрияда жолугууну чечишкен. Бирок шаршемби күнү Трамп жолугушуу өтпөй турганын, анткени тараптар тийиштүү натыйжага жетпей калышы мүмкүн экенин билдирди. АКШ лидери россиялык кесиптеши менен келечекте жолугууга үмүрт артарын, Украина маселесин жөнгө салуу оюнан кайтпай турганын кошумчалаган.
Трамп менен Путиндин Будапешттеги жолугушуусу өтпөй турган болду