БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. НАТОнун өзөктүк куралдар боюнча машыгуулары кырдаалды чайпалтып, абалды чыңалтат да, Москванын кулак түрүп, тыкыр көз салуусун шарттайт. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
"Бул маселеге карата биздин көз карашыбыз өзгөргөн жок. Европада жайгашкан америкалык өзөктүк куралды Россияга же анын союздаштарына каршы колдонуу боюнча альянстын мүчөлөрүнүн биргелешкен машыгууларынын өзү эле кырдаалды кыйындатып жатат. Ошону менен бирге ал схемалар жана НАТО өлкөлөрүнүн тиешелүү мүмкүнчүлүктөрү улам артып бара жаткандыгы көңүлдүн сыртында калган жок. Бул стратегиялык тобокелдиктердин андан ары күчөшүн жана чыңалуунун жогорулашын шарттоодо", — деген Захарова.
ТИМ өкүлү Москва муну көңүл сыртында калтырбай турганын жана аны аскердик кадамдарын пландоодо эске аларын белгилеген.
"Жогоруда айтылган учурларды көңүлгө албай кое албайбыз. Аларды өзөктүк куралды колдонууну токтотуу жаатындагы өзүбүздүн аскердик максаттарыбызды пландоодо тыкыр анализдейбиз", — деп кошумчалаган ал.