БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Мыйзамсыз аңчылык кылгандар тууралуу кабарлагандарга өндүрүлгөн доонун жарымы берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди.
Ал "Биринчи радионун" эфиринде сүйлөп жатып, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш күчөтүлгөнүн жана жазалоо чаралары катаалдашканын айтты. Натыйжада мыйзамсыз ууга чыккандар азайганын белгиледи.
"Мисалы, мурда тоо текени аткандарга 100 миң сом айып салынчу. Азыр бул сумма 300 миң сомго көбөйтүлгөн. Эгерде бирөө тоо теке аткан факт боюнча маалымат берсе, ага өндүрүлгөн айып пулдун тең жарымы берилет", — деген ал.
Мамбеталиевдин айтымында, каражат доо өндүрүлгөндөн кийин төлөнөт. Быйыл 5 миллион сомдон ашык доо коюлган болсо, анын 2 миллион сому өндүрүлүп, тең жарымы сый акы катары кайтарылган.