БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кошумча билим берүү программалары аркылуу медициналык адистерди даярдоонун сапаты боюнча көйгөйлөрдүн көбөйүшүнөн улам өкмөт бул тармакка убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга илинди.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги даярдаган документ медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу жана кесипкөй окутуучуларды даярдоо максатын көздөй турганы айтылган.
"Азыркы учурда өлкөдө 80ден ашык уюм медициналык багыттагы кошумча билим берүү программалары (косметология, стоматология, медайымдык иш ж.б.) боюнча лицензия алган. Бирок алардын көбү стандарттарга жооп бербейт, андагы окутуу сапатсыз экендиги көп айтылат", — деп жазылган документтин негиздеме катында.
Мораторий мезгилинде бул уюмдардын ишин жакшыртуу, окутуучулардын деңгээлин көтөрүү жана окуу шарттарын оңдоо каралууда.