Башкы прокуратура Temu марткетплейсинен 2,9 млн. доллар салык өндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында салыктык каттоодон өтпөй иштеген Temu марткетплейсинен 3 миллион долларга жакын салык өндүрүлгөнүн Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, көзөмөл органы келип түшкөн материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында интернет-платформа өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөнүн аныктаган.
"Компания Кыргызстанда салыктык каттоодон өткөрүлүп, жыйынтыгында ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 миллион 885 миң доллар (251 млн сом) өлчөмүндө салык төлөмдөрүн которду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мыйзамдын бузулганын аныктоо жана салыкты өндүрүүгө Мамлекеттик салык кызматы да катышкан.
Шыкмаматов салыкчылардын образы жазалоочудан көмөкчүгө өзгөрүп жатканын айтты