Келберсиген, суктанткан илбирстер. Таасирдүү 15 сүрөт

Бүгүн, 23-октябрда, эл аралык коомчулук алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирсти коргоо күнүн белгилеп жатат.
Sputnik
Бир жыл мурда Кыргызстандын демилгесинен кийин Бириккен Улуттар Уюмунда илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюция кабыл алынган.
Төмөндө бул баалуу, табышмактуу жаныбарлардын сүрөттөрүн окурмандарга сунуштайбыз.
1 / 15

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы барс

2 / 15

Wildpark Lueneburger Heide" паркындагы илбирстин күчүктөрү. Германия

3 / 15

Ургаачы илбирс ууга чыкканда. Цинхай провинциясы, Кытай

4 / 15

Зоопарктагы барс. Уэст-Колдер, Шотландия.

5 / 15

Хан-Теңирдеги жапайы илбирс. Фотокапканга түшкөн жырткыч. Кыргызстан

6 / 15

Зоопарктагы эң барктуу жана сөөлөттүү жаныбар. Бронкс аймагы, Нью-Йорк.

7 / 15

Саяно-Шушенск коругу. Фотокапкан "чапкан" барс.

8 / 15

Ботаника багындагы зоопарктын жашоочусу. Лос-Анжелес, Калифорния.

9 / 15

Баткендеги илбирстер. Бул сүрөттөр да фотокапкандан алынган.

10 / 15

Красноярскидеги ачык вольердеги Аксу "айым"

11 / 15

Нарындагы Хан-Теңири коругунун келберсиген ээси

12 / 15

Вудленд-Парк зоопаркындагы илбирстин эки айлык күчүгүн таразага тартып жатышат. Сиэтл, АКШ.

13 / 15

Эмне деген кооздук, керемет көрүнүш! Чоң-Кеминдеги жаратылыш паркы. Фотокапкандын сүрөтү

14 / 15

Саяно-Шушенскидеги илбистер. Бул сүрөттөр да фотокапкандан алынган.

15 / 15

Эки илбирс. Бронкс зоопаркы. Нью-Йорк. АКШ.